Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 16.03.2019 10:37

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, - Чек ара кызматы

Turmush -  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бүгүн, 16-марттагы абал тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн чектешкен аймактарында топтошкон адамдар болгон жок. Мекеменин басма сөз кызматынан Кыргызстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдиришти.

Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков менен бирге Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин, облустук администрациянын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери Баткен облусунда жүрүшөт. Мамлекеттик чек ара кызматы укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен чек арага жакын жайгашкан аймактын тургундарынын арасында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймактарында Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×