Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 16.03.2019 09:52 На русском

Нарын райондук статистика бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы болуп Эрмекова Светлана Мамбеткалиевна дайындалды. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Өмүр баяны:

Светлана Эрмекова 1959-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1982-1988-жылдары ага экономист, 1988-1997-жылдары Нарын облустук статистика башкармалыгында 1-даражадагы экономист болуп эмгектенген. 1997-жылдан баштап Жумгал райондук статистика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган. 2010-жылы Жумгал райондук статистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Нарын облустук жана Жумгал райондук мамлекеттик администрацияларынын ардак грамотасы жана «Статистика кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 2017-жылы «Мыкты жетекчи» наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөлүү. 1 кыз, 3 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×