Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Баткен облусуБаткен району 13.03.2019 23:53 На русском

Баткенде тажик тарап менен болгон чатакта ок тийген адамды операцияга алып кирип кетишти. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуудан жаракат алган жергиликтүү тургунга Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операция жасалып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дарыгерлердин айтымында, аларга жеткирилген адам Көк-Таштын 1988-жылы туулган тургуну. Ок анын сол жак кабыргасына тийген. Операцияга саат 22:00 чамасында алып кирип кетишти. Абалы орто.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Көк-Ташта ок тийген адамды тез жардам кызматы менен алып кетишкендигин маалымдаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×