Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 12.03.2019 23:01

Айыл турмушу: Булгаарыдан бут кийим тиккен Абдулло Мадрахимов 20 шакирт тарбиялап жатат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну Абдулло Мадрахимов булгаарыдан бут кийим тигет. Ал атасынан калган өнөрдү аркалап, өспүрүм кезинен тарта эле бут кийим тигип келет.

Өзүнүн айтымында, Ош шаарындагы булгаарыдан бут кийим тиккен жалгыз уста.

«Апам 3-4 жашымда эле устаканадан чыкпай аралашып жүрүп, бардык жабдыктарды билип алганымды айтып калчу. Булгаарыны Индиядан, Түркиядан жана Бишкектен алдырабыз. Бир бут кийимди бир күндө тигип бүтөбүз. Жаныбарлардын, иттин жүнүнөн буту ооругандарга бут кийим жасап беребиз. Ортопедиялык бут кийимдерди да жасап баштаганбыз. Бирок кезек көбөйүп, Оштогу атайын ортопедиялык бөлүмгө иш калбай калат экен. Ошондуктан мындай бут кийимдерди тикпей калдык. Жумушума жоопкерчилик менен мамиле жасайм. Кардарга сенин абалың маанилүү эмес. Ошондуктан "1 күндө бүтүрүп бер" десе, башка жумушумду таштап, жасап берем. Кээде түнү менен бут кийим тигип, таңга маал уктап калган учурлар болот. Бул өнөрдү үйрөнүү үчүн түштүк аймактын бардык райондорунан келишет. Шакирттерден эмгегимди кызганып, атаандаштык жаратат деп ойлобойм. Себеби аларды карап мен өнүгөм, изденем», - дейт Абдулло Мадрахимов.

Уста театр артисттерине оймо түшүрүлгөн өтүктөрдү тигип берет. Ал жаңы идеяларды интернеттен аларын кошумчалады.

«Кээде туура эмес тигилип калса, кардарга түшүндүрүп, жаңысын жасап беребиз. Чебер уста да ката кетирет. Кичи цех ачуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жер сурап кайрылгам. Жакшы идея экенин айтып, узатып коюшат. Россияда мигрант болуп иштеп жүргөн жарандардан 5-6 адамды болсо да иш менен камсыз кылууну максат кылам. Жашым өтүп бара жатат, учурда өнөрүмдү балам аркалап калды», - деди уста.

Абдулло Мадрахимов 20 шакиртти тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×