Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 08.03.2019 16:20 На русском

Өзгөндө 2 унаа кагышып, 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди

Turmush -  4-март Өзгөн районунун Жылалды айылында 2 унаа кагылышып, 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди . Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык саат 18:00 чамасында болгон. Анда Чаңгет айылынын 1991-жылы туулган тургуну М.К. өзүнүн «Сангио Муссо» үлгүсүндөгү унаасына менен келе жатып, Жылалды айылынын 1957-жылы туулган тургуну А.С. айдап келе жаткан «Фольсваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы кагышкан. Натыйжада «Фольсваген Пассаттагы» 1995-жылы туулган жүргүнчү А. кызы А. Жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүүэкспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×