Turmush — 8-март майрамына карата Ысык-Кол облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери унаа башкарган айымдарды токтотуп, гүл таратты. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара айдоочу айымдарды куттуктоо максатында уюштурулду. Ошондой ЖККК кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Жеңишгүл Жаманаковага белектер тапшырылды.