Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 13:50 Жаңыланды: 06.03.2019 13:58 На русском

Депутат менен биринчи вице-премьердин кайым айтышы

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев («Республика – Ата Журт») өкмөттү Жалал-Абаддагы Аксы районунун акимин дайындоо тууралуу маселени тез арада чечүүгө чакырды. Бул тууралуу суроо менен парламенттин бүгүн, 6-марттагы отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

Анын айтымында, аким — бийликтин райондогу биринчи өкүлү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-февралда өлкөдөгү 6 райондун акимдерин кызматтан кетирген.

Кызматтан алынган акимдер:

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев;

- Чүй облусунун Кемин районунун акими Жумгалбек Дүйшөбаев;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов;

- Чүй облусунун Москва районунун акими Азамат Эсенбеков.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев андан бери анын ичинен 2 райондун акими дайындала электигин белгиледи. Депутат Аксыда айыл өкмөт башчылар бар экенин, аларды акимге талапкер кылып кароо керектигин кошумчалады.

«Аксы району боюнча айтайын. 15 жылдан бери 2 аким болду, эч кандай социалдык-экономикалык маселе чечкен жок. Эмне менен алектенгенин билесизби? КСДП партиясынан келеби же өкмөттүн делегациясы келеби деп алек болду. А, элди ким ойлойт?

Акимди мыйзамдуу жол менен, жакшы критерийлер мекен койгула деп эч кимге — спикер, премьер-министрге да кайрылган жокмун. Анткени ал (аким) силердин өкүлүңөр, ал кандай иштесе элдин жашоо турмушу ошондой болот», - деди депутат.

Буга жооп узаткан К.Боронов: «Буга чейин иштеген 2 акимдин абалы кандай экенин өзүңүз айттыңыз. Ошондуктан 22-февралда чечим менен жумуштан кетти. Азыр сунуштар түшүп жатат. Аксынын акими боюнча ар кандай сунуштар, талаш-тартыш абдан көп. Ачык эле айтып коёлу, эл арасында уруу-уруу болуп бөлүнгөндөр болуп жатат. Азыр биз чечим кабыл ала элекпиз. Татыктуу акимди шайлап бергенге аракет кылып жатабыз. Сунушуңузду кабыл алдык, премьерге жеткиребиз», - деди.

Андан кийин сөз алган депутат Алмазбек Токторов («Кыргызстан») уруу-уруу деп сүйлөгөнү үчүн Кубатбек Бороновду айыптап, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болду.

Парламент

- А.Токторов: Кубатбек Айылчиевич, биринчи вице-премьер катары уруу-уруу деп бөлүп жатканыңыз туура эмес. Сизден ушуну күтпөдүм эле. Таптакыр туура эмес сүйлөдүңүз.

- К.Боронов: Мен бөлгөн жокмун, ситуацияны айттым.

- А.Токторов: Ситуация болгондо дагы аны бул жерде айтпашыңыз керек эле.

- К.Боронов: Эгерде ачык айтпасак кандай болот, жашырып отура беребизби? Кайсы жерде оорубуз бар экенин айтышыбыз керек да.

- А.Токторов: Андай ооруңуз бар экен, анда… Бошотордун алдында резервде кадр болушу керек. Жазгы талаа иштери болуп жатса…

- К.Боронов: Бул меселени чечүү боюнча атайын жолдору бар. Эгерде аким шайланбай турса биринчи орун басары милдетин аткара берет. Бул жерден эч кандай маселе көргөн жокмун. Татыктуу акимди дайындайбыз.

Эгерде ошол жерде ошондой ситуация болуп, бизге чейин жазып жатышса, аны айтып койсом бөлгөн болбойт.

- А.Токторов: «На поводу» кете бербеши керек. Бийлик дагы бийликтигин көрсөтүшү керек.

- К.Боронов: Алмазбек Сатиевич, эгерде «на поводу» кетсек, анда биз биринчи күнү эле ошондой кишилерди дайындап коюп кутулмакпыз.

- А.Токторов: Сиз зачет менен келгенде ушул маселени көтөрөм, ошондо сүйлөшөбүз. Азыр жазгы талаа иштерин сүйлөшөлүчү...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×