Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.03.2019 11:13

Ошто медициналык калдыктарды жок кылуунун жолдору түшүндүрүлүп жатат

Turmush -  Ош шаарында медициналык калдыктарды туура жол менен жок кылуу жана жеке менчик медициналык мекемелерде жугуштуу ооруларды алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык ооруканасынын инфекциялык көзөмөл боюнча башкы адиси, медициналык аккредитациялык комиссиянын тышкы эксперти Эрмек Нурунбетов билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштери жеке менчик медициналык мекемелердин кызматкерлерине, тактап айтканда лаборатория, стоматология, гинекология, ийне сайуу бөлмөлөрүндө жүргүзүлүүдө.

«Буга чейин инфекциялык көзөмөл боюнча иш-чаралар мамлекеттик медициналык мекемелерде гана өткөрүлүп, ал эми жеке менчик медицина мекемелеринде маалымат жеткиликтүү болгон эмес. Быйыл бул маселени колго алып, медицина кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизи медициналык калдыктарды эл таштанды салган урналарга таштап коюу туура эмес. Ал калдыктарды өзүнүн жол-жоболорунун негизинде жок кылуу зарыл», - деди Э.Нурунбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×