Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 04.03.2019 14:22 На русском

«Примьер, санитрадык»: Парламенттин төрагасынан жолдонгон каттын чоо-жайы

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон катта грамматикалык одоно каталар болгону чындык, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы. Буга байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүү иштери аяктаган.

Буга чейин каттын көчүрмөсү социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаралган болчу.

«Бул документти төрага өзү жазган эмес. Ал Парламенттин аппаратындагы тиешелүү кызматкерлер тарабынан даярдалып, Жогорку Кеңештин төрагасынын кол тамгасы факсимиленин жардамы менен коюлган.

Парламенттин төрагасына күн сайын кол коюу үчүн жүздөгөн документтер келет. Төрага убакыттын тардыгынан айрым документтерге факсимиленин жардамында кол коюуну жардамчыларына жана адистерге тапшырат», - деп айтылат парламенттин бидирүүсүндө.

Ал эми одоно каталарды кетирген кызматкер тиешелүү жаза алмай болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×