Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 10.05.2019 19:30 На русском

Айыл турмушу: 40 күнөскана курган Абдиманап Алдаяров жылына жарым миллион сомдон ашык киреше табат (сүрөт, видео)

Turmush -  Оштогу Кара-Суу районунун тургуну Абдиманап Алдаяров күнөскана иштетип, жылына 500 миң сомдон ашык киреше табат. Ал 3 жыл мурун 1 гектар жерге 40 күнөскана куруп, жашылчанын түрүн өстүрүп баштаганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Багбандын күнөсканасында помидор, бадыраң, баклажан, болгар калемпири, лимон өсөт. Ал өткөн жылы жашылчалар мурунку жылга салыштырмалуу арзан бааланганын айтат.

«Күнөскана иштетүүнү 2016-жылы баштагам. Жумуштар менен чет өлкөлөргө чыкканда күнөскана иштетүүнү ойлодум. Күнөскана куруп, аз да болсо адамдарды жумуш менен камсыз кылуу оюм бар эле. Күнөскананын аянты 1 гектарды түзөт. Учурда помидорлор мөмө берип баштады. Башка күнөсканаларымдагы жашылчалар да гүлдөп, мөмө байлап жатат. Дагы бир бөлүгүндө помидордун көчөттөрү эгилген. Жыл өткөн сайын тажрыйба топтоло берет экен», - деди ал.

Абдиманап Алдаяровдун айтымында, жашылчалардан жылына эки жолу түшүм алат.

«Күнөсканада 70 сотых жерде помидор, 20 сотых жерге бадыраң, 5 сотых жерге болгар калемпирин, 5 сотых жерге баклажан эккем. Булардан жылына эки жолу түшүм алам. Эми жеңилдетилген насыя алып, күнөсканамды кеңейтүүнү пландап жатам. Мындан сырткары мал чарбасы менен да алектенүүнү ойлонуудамын.

Жумушумду жасап, эс алам. Күнөсканага киргенде эле ар бир адамдын маанайы көтөрүлөт. Анткени күнөсканага кирсең баары гүлдөп, жашыл түскө бөлөнүп турган болот. Лимон дарагы өсүп турган күнөсканага кирерим менен укмуштуудай жыттанат. Бул жемиштердин адамга ыракат тартуулай турган касиети бар экен. Кыштын күнү жолдор тайгалак, суук, айлана аппак карга бөлөнсө, ал эми күнөсканага кирерим менен жаздын илебин сезем», - дейт ал.

Багбандын 4 баласы жана 10 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×