Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.02.2019 08:07 На русском

«48 саатка жогол»: Интернетте пайда болгон оюн тууралуу милициянын билдирүүсү

Turmush -  Социалдык тармактардын Россиядагы колдонуучуларынын арасында буга чейин «48 саатка жогол» аталышындагы оюн тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында аталган оюн боюнча окуялар катталган жок, деп билдирди кечээ, 27-февралда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Оюндун негизги максаты — себебин эч кимге айтпай, мүмкүн болушунча көп адамды издетип, расмий издөөгө алынуу.

«Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында аталган оюн боюнча катталган окуялар жок. Аны алдын алуу максатында мектептеги ата-энелердин чогулушунда профилактикалык маектерди жүргүзүү үчүн маалыматтар мэриянын билим берүү башкармалыгына жиберилген. Учурда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде окуучулардын арасында интернет чөйрөсүндө өзүн коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×