Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуАраван району 19.04.2019 22:00 На русском

Айыл турмушу: Эки президенттен сыйлык алган аравандык багбан жылына 15 миңдей көчөт өстүрүп сатат (сүрөт, видео)

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айылынын тургуну Хурсанбек Байбабаев 2000-жылдан бери мөмө берүүчү көчөттөрдү өстүрүп келет. Ал жыл сайын 15 миңден ашык көчөт өстүрүп сатып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Багбандын айтымында, жаш кезинен бери эле дыйканчылык менен алектенип киреше табат. Ал алма, алча (кокон гилас — диал.), шабдалы жана башка мөмө-жемиштердин көчөттөрүн өстүрөт.

«Учурда мөмө берүүчү ар кандай көчөттөрдү өстүрүп, сатыкка чыгарып жатам. 1 гектар жерде 15 миңден ашык көчөт бар. Бардыгын сатып бүттүк десек болот. Кардарлар көчөттү алып кеткени жатканда көчүрүп даярдап беребиз. Кийинки жылы да 15 миңдей көчөт сатууга даяр болот», - деди ал.

Хурсанбек Байбабаев кардарлар көп экенин жана өлкөнүн бардык аймагынан көчөт сатып алууга келип жатышканын белгиледи.

«Биз өстүргөн көчөттөргө талап абдан күчтүү. Ысык-Көл, Талас, Чүйдөн келип алып кетип жатышат. Азыр да кардарлар өздөрүнө керектүү көчөттөргө буйрутма беришти. Учурда өлкөнүн бардык аймагына көчөт сатып жатабыз. Бизден көчөт алып кетип, Ысык-Көлгө гилас өстүрүп, анын түшүмүн алып башташты. Быйыл гилас көчөткө талап көбөйдү», - дейт багбан.

Ал көчөттөр көлөмүнө жараша бааланарын кошумчалады.

«Көчөттөрдүн баалар ар түрдүү болот. Мисалы, алманын көчөттөрү 50 сомдон эле сатылат. Шабдалынын көчөтү 50 сомдон 100 сомго чейин бааланса, гиластын көчөттөрү 50 сомдон 120 сомго чейин сатылат. Негизинен көчөттөр 3 жылдык болгондон кийин сатыкка чыгат. Жакшы каралган көчөттөр тез эле жетилет», - деди Х.Байбабаев.

Хурсанбек Байбабаев буга чейин эки президенттин — Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун ардак грамотасы менен сыйланган. Ал 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×