Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.02.2019 16:01

Бишкекте 4 эм төрөлдү

Turmush -  Бүгүн, 25-февралда саат 04:40та Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 4 эм жарыкка келди. Төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары Жамила Марипова Turmush басылмасына ымыркайлар 31-32 жумалык болуп ара төрөлгөнүн билдирди. Учурда ымыркайлар атайын аппаратта, ал эми апасы жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Дарыгерлер тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатышат. Учурда абалы оор», - деди дарыгер.

4 эм 27 жаштагы Рысмат кызы Нурайымдын биринчи төрөтү. Ымыркайлардын биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлдү.

Буга чейин аталган төрөтканада 4 эм төрөлгөн эмес.

Нурайым

Нурайым

Нурайымдын кайын сиңдиси Кенжегул кызы Алмагүлдүн айтымында, буга чейин эки жактан тең тукумда эгиздер болгон эмес. Жубайлар — Азамат Сманов (33 жашта) менен Нурайым Рысмат кызы 4 жылдан бери наристе күтүп жүрүшкөн.

«Жеңем бөйрөгү ооругандыктан "бир бала төрөп алсам жакшы болот эле" деп тиленип жүргөн. Байкем куруучу болуп эмгектенет, бирок жумушу туруктуу эмес», - деди Алмагүл.

Кош бойлуу учурунда 4 эм экенин дарыгерлер айтышкан, бирок бул кабарды жубайлар сыр кылып келишкен. Алар Талас облусунун Талас районундагы Көк-Токой айылынын тургундары. Убактылуу Бишкек шаарында ижарага алган батирде жашашат.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын Таластагы кабарчысы ымыркайлардын ата-энеси менен байланышты. Азырынча ымыркайларга ысым тандала элек. Бул милдетти чоң атасы менен чоң апасына беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×