Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуКемин району 25.02.2019 13:19

Кеминде жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу үчүн сынак уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунун Жаӊы-Алыш айылдык ден соолук комитети жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында айыл тургундары үчүн сынак уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева билдирди.

«Сынакка Жаңы-Алыш айылынын мектеп, бала бакча, айыл өкмөт жамааттарынан жана айылдык ден соолук комитетинен түзүлгөн 4 команда катышты. Район боюнча өтүп жаткан "Жугуштуу эмес оорулардын эффективдүү алдын алуу" акциясынын алкагында ар бир команда алдын ала бөлүнүп берилген бир тема боюнча даярданышкан. Мектеп жамааты ичкилик темасын интермедия түрүндө ачып беришсе, айыл өкмөттүн командасы тамеки кандай ооруларга алып келерин тамаша түрүндө көрсөтүштү. Айылдык ден соолук комитетинин командасы физикалык машыгуу менен кантип туура алектениш керек экендигин көрсөтүп берсе, бала бакчанын жамааты начар тамактануу деген эмне экендигин айтып беришти. Сынак жалпысынан 8 тапшырмадан туруп, анын соңунда спорттук мелдештер жана суроо-жооп иретинде пикир алышуу болду.

Сынактын байге фондун Жаӊы-Алыш айылдык ден соолук комитети каржылады», - деди Айгүл Курманалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×