Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 23.02.2019 14:20 Жаңыланды: 23.02.2019 15:57 На русском

Видео — 14-февралда түнү менен арак ичип, таксистке кол салган шектүүлөр кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы
ИИМдин басма сөз кызматы

Turmush -  ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам тобу каракчылыкка шектүү адамдарды кармады. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, эки адам мас абалда таксистти учтуу буюм менен коркутуп, ага кол салышкан. Бейбаштардын кол салуусуна борбордун башка жашоочусу да кабылган.

15-февралда болжол менен таңкы саат 06:00 чамасында Дордой жаңы конушунда эки адамга кол салуу болгон. Укук коргоо органдарына такси кызматын көрсөткөн айдоочу кайрылып, эки белгисиз адам анын унаасына түшүп, учтуу буюм такап коркутуу менен өздөрү бара турган жерге айдатышканын айткан. Жолдон кылмышкерлер унааны токтотуп, андан акча берүүнү талап кылышкан. Ошол жерден сабап, телефонун тартып алып, айдоочунун өзүн талаага таштап коюшуп, автоунаасын айдап кетишкен. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде тергөө иштерин баштаган.

Алгачкы тергөө иштери менен белгилүү болгондой, ушул күнү мас абалдагы эки адам таксисттин алдынан чуркап чыгып, унааны токтотууну талап кылган. Таксист токтогондо чуркап баргандардын бири учтуу буюм такап, өзүнүн буйругун берген. Таксинин айдоочусун айланма жолдон түшүрүп, сабап, 1,5 миң сом өлчөмүндөгү каражатын, телефонун жана буюмдарын тартып алышкан.

Жабыркаган айдоочунун «Форд» үлгүсүндөгү автоунаасы кийинчерээк «Ош» базарынын айланасынан табылып, кол салгандар унаанын видеожазгычын чечип кетишкени белгилүү болгон. Ошол эле таңда экинчи жабырлануучуга да кол салуу болгону аныкталып, кылмышкерлер 29 жаштагы жарандын артынан кууп жетип, биринчи таксисттен тартып алган унаага күч колдонуп отургузушкан. Жабырлануучу унаадан секирип качып кетүүгө жетишкен.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам тобу тарабынан кылмыш болгон жер текшерилип, кылмышкерлерди аныктоо иши жүргүзүлдү. Тергөөнүн жүрүшүндө каракчылыкка шектелип, борбордун базарларынын биринде иштешкен Жалал-Абад облусунун тургундары — 1990-жылы туулган А.А. менен 1983-жылы туулган О.М. кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө 14-февралда таң атканча спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Алардын таксистти токтотуп, мыйзамга каршы жүргүзгөн иш-аракеттери видеокамерага жазылып калган. Каракчылыкка кабылган экинчи жабырлануучунун аты-жөнү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталды. Кылмышкерлер анын курткасы менен акчасын тартып алып, тоноп кетишкен.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил буюм катары уюлдук телефон, видеожазгыч жана башка буюмдар табылды. Кармалган адамдар убактылуу камакка алынып, учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×