Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 19.02.2019 13:18 На русском

Бишкекте кызамык жуктурган 53 адам ооруканага жатты

кызамык
кызамык

Turmush -  Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бөлүмүндө кызамык менен ооруган 53 адам дарыланып жатат. Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, акыркы эс алуу күндөрү дарыгерлерге 35 адам кайрылды. Анын ичинен 23 бейтап дарылануу үчүн жаткырылган.

Ал эми акыркы суткада кызамыктын белгилери менен 10 адам кайрылса, анын ичинен 7 адам ооруканага жатты. «Алардын жарымы 1 жашка чейинки балдар. Ошондой эле кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр бар», - деди дарыгер.

Г.Аалиевдин айтымында, кызамык менен ооругандардын саны Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө, Россияда жана Европада дагы байкалып жатат.

Кызамык оорусун жуктуруучу вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Бул оору менен бардык жаштагы кишилер, көбүнчө 2 жаштан тарта 10 жашка чейинки балдар ооруйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×