Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баракелде, Бишкек 18.02.2019 09:42 На русском

Бишкекте терминалдарды тоноого шектелгендер кармалды. Сүрөт

Turmush -  Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан терминалдардагы акча каражаттарын уурдого аракет кылган 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички ишкер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү саат 06:00 чамасында 3 укук коргоо кызматкери терминалды ачып жаткан адамдарды байкап калышкан. Колго түшкөндөрдү Свердлов РИИБге ишти териштирүү үчүн алып келишкен жана алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга дагы тиешеси болгондугу аныкталган. Кылмышкерлердин жанынан мык сууруган буюм, барскан, бет кап жана кол каптар табылды.

Шектүүлөр 1999-жылы туулган С.Е., 1992-жылы туулган Б.М., 1996-жылы туулган Я.М. экени аныкталган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 39-200-беренесине ылайык (уурулук кылууга аракет жасоо) катталды. Сот тарабынан колго түшкөндөрдү 2 айга камоо чечими чыгып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×