Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 26.03.2019 23:37 На русском

Айыл турмушу: Түптүк ишкер Т.Бекбоев үй-бүлөлүк бизнестин артыкчылыгын айтты (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын 30 жаштагы тургуну Темирлан Бекбоев 3 жылдан бери күнөскана иштетип, киреше таап келет. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал кураж сортундагы бадыраң өстүрүп жатат.

«Бадыраңды ноябрь айында сээп, кышы менен түшүм алабыз. Учурда бадыраңдын 1 килограммын 140 сомдон сатып жатабыз. Аны химиялык кошулмалары жок өстүргөндүктөн суроо-талап көп. Бир сезондо 2 тоннадан ашык түшүм алып, анын баарын сатыкка чыгарабыз.

Бул күнөскананы бир гана кыш мезгилинде иштетем. Ал эми жайкысын талаа иштери менен алектенип, күнөскананы эс алдырам. Качан гана күзгү түшүм жыйналган соң үйдөгү чакан күнөсканамды иштетип баштайм. Буга чейин атайын окуулардан өтүп, бул ишкердикти кеңейтүү керектигин билдим. Себеби, үй-бүлөлүк бизнес. Баарын өзүм кылам деп, эки тизгин бир чылбырды колдон чыгарбоого аракет кыла бербестен бул ишке жакын туугандарды тартып, аны үй-бүлөлүк бизнеске айлантуу зарыл экен.

Эгер үй-бүлө мүчөлөрү дагы бул ишти алып кетсе, киреше дагы эки эсе көп болот. Башка адамдар дагы иш менен камсыз болушат. Азыр апама жана келинчегиме да үйрөтүп жатам. Алар мен жокто күнөскананы өздөрү эле карашат. Ошондой эле алар күнөскананы кеңейтүүнү пландап жатышат», - дейт Темирлан Бекбоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×