Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Чүй облусуАламүдүн району 19.04.2019 21:03

Тарых инсаны: «Бокстун ханы» аталган В.Челюбеевдин СССРдин чемпиону болушуна Фрунзенин архитектору себепчи болгон

Turmush -  Ички иштер кызматынын ардагери, отставкадагы милициянын подполковниги Челюбеев Владлен Валерьянович 25 жылдык өмүрүн кыргыз милициясына арнаган. Ошондой эле бокс боюнча СССРдин бир катар мелдештерин жеңип, окуучуларынын арасында «бокстун падышасы» аталган. Милициянын жана спорттун ардагери менен аймактык кабарчы таанышты.

Ардагердин айтымында, ал 1937-жылы Россиянын Омск шаарында аскер кызматкеринин үй бүлөөсүндө төрөлгөн. Анын атасы учкуч болуп эки согушту баштан кечирсе, апасы заводдо иштеген.

«Улуу Ата-Мекендик согуш башталган жылдары мени апам менен Өзбекстандын Ташкент шаарына көчүрүшкөн. Атам согушта калган. Орто Азияга биз менен кошо көп үй бүлөө көчүрүлдү. Мен ал кезде болгону 3 жашта болчумун. Ташкентте 2 жыл жашагандан кийин, бизди Фрунзеге көчүрүштү. Ошентип менин балалык кезим, жаштыгым ушул Фрунзеде (азыркы Бишкекте) өттү. №6 орто мектептен билим алдым. Атам согуштан аман-эсен кайтып келип, бизди издеп тапкан», - деди ал.

Ардагер спорттун бокс түрү менен 5-класстан баштап машыга баштаган. Спортко келип калуусуна Фрунзе шаарынын ошол кездеги башкы архитектору себепчи болгон.

«Мен 5-класста окуп жүргөндө биздин мектепке Гойков аттуу машыктыруучу келип калды. Ал ошол убакта Фрунзе шаарынын башкы архитектору болчу. Спортту сүйчү экен. Бокс секциясына балдарды чогулта баштады. А мен көпкө ойлонгон жокмун. Дароо чечим чыгарып, бокс менен машыгууга бардым. Ачыгын айтсам, ошондо өзүмдүн жолумду тапканымды түшүндүм. 1956-жылы өспүрүмдөр арасындагы мелдеште 1-орунду алып, Кыргыз ССРнын өспүрүмдөр курама тайпасына кошулдум. Биз бүткүл союздук мелдештерге катыша баштадык. Мен толугу менен спорт чөйрөсүнө аралуушуну чечтим. Анан Дене-тарбия институтуна тапшырдым. Ш.К.Чижиков машыктыруучум болуп калды. Анын мага үйрөткөн чеберчилиги менен көп жылдар бою бүткүл союздук мелдештерде чемпион болдум.1960-жылы институтту аяктаган соң, мени Чүй облустук ички иштер кызматынын «Динамо» республикалык кеӊешине жумушка жиберишти. Ал жерде 4 жыл бокс боюнча машыктыруучу болдум», - деди ардагер спортчу.

Владлен Валерьянович өзүнүн иш билги, жаштар менен иштегенди билген сапаттары менен жаш өспүрүмдөргө жакшы тарбия бере алды. Кыргызстандан басылып чыккан «Бокс» аттуу китепте, машыктыруучунун мурунку окуучусу Иван Настак ал жөнүндө «Рингдин падышасы, мыкты тарбиячы, жашоонуну мугалими» деп жазгандары бар.

«Ооба, ал китепте И. Настак мен жетектеген бокс секциясына милициянын жаш офицерлери Бексултан Ишимов, Жолдошбек Бузурманкулов, Токтогул Какчекеев, Курманбек Кубатбековдор келишкенин, алар кийин милициянын жогорку даражадагы жетекчилери болгонун айтыптыр. Машыктыруучу жөн гана спорттун чеберчилигин үйрөтүп тим болбой жашоодо мугалим, мыкты тарбиячы, насаатчы да болуш керек. Ошондон улам окуучуларым аягына чейин машыгып, кызматта дагы, спортто дагы ийгиликтерге жетишишти деп ойлойм», - деди ардагер.

Владлен Валерьянович 1969-жылы Кыргыз ССРинин ИИМдин кадрлар бөлүмүнүн инспектору болсо, 1975-жылы ошол эле бөлүмдүн жетекчиси болуп шайланган.

«Андан кийин 1978-жылдан 1982-жылга чейин КРнын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгындагы жекече алдын алуу бөлүмүн жетектедим. 1983-жылы кайрадан «Динамо» республикалык кеӊешке кайтып келип, дене тарбия бөлүмүн жетектедим. 1989-жылы «Динамо» республикалык кеӊештин төрагасынын орун басары болуп, 1992-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Жалпысынан 25 жылдык стажым бар» - деди милициянын жана спорттун мыктысы болгон Владлен Валерьянович.

Учурда ардагер өзү жалгыз жашайт. Үйдө достору белек кылган той-терьер пародасындагы Мики аттуу ити бар. Ал жубайынан 9 жыл мурун айрылып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×