Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуАламүдүн району 16.02.2019 19:03 На русском

Айыл турмушу: Комузчу Нурак Абдрахмановдун уулу эмне менен алектенүүдө? (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынын 27 жаштагы тургуну Нурак уулу Азат экологиялык таза оюнчуктарды жасап, базарга алып чыга баштады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Азат белгилүү комузчу маркум Нурак Абдрахмановдун уулу.

«Өзүӊөр билгендей атам чоӊ комузчу болгон. Ал киши өтүп кетти, учурда апам бар. Өзүм Байтик айылындагы Акматбек Суюнбаев атындагы орто мектебин бүтүргөм. Жогорку окуу жайдан билим алып баштаганым менен жашоо шартка байланыштуу толук бүтө албай калгам. Ал эми кол өнөрчүлүккө 5-6 жаштан бери эле аралашып жүрөм. Атамдын комуз жасаган устаканасы бар болчу. Анда эртели-кеч атам эптүү кыймылдап, комуз жасоо менен алек. А, мен жанында кошо кармалашып же тоскоол болуп, айтор устаканадан чыкпай жүрчүмүн. Атамдын жасаган буюмдарынан арткан жыгачтардан ар кандай оюнчуктарды жасап алчумун. Буюмдарды жыгачтан жасаганга шыгым бар экен, тез эле аралашып кеткем», - деди ал.

Кийин өзүнүн инилерине ар кандай оюнчуктарды жасап бере баштаган.

«Аларга оюнчук жасап берип койсом абдан сүйүнүшчү. Мен дагы инилеримдин кубанычка бөлөнгөнүн көргүм келе баштады. Башка кичинекей балдар жасап бер деп келе башташты. Ошентип, экологиялык таза, бышык оюнчуктарды жасап сатсам кандай болот деген ой келди. Болбосо чет өлкөлөрдөн жыты сасык оюнчуктар бизге көп келип жатпайбы», - деди ал.

Азат жасаган оюнчуктарын дүйнө жүзүнө чыгарсам дейт.

«Биринен бири угуп, бул оюнчукка кызыккан кардарларым көбөйүп баштады. Жеке кардарлардан сырткары базарларга да дүӊүнөн алып барып жатам. Өзүбүздүн кыргыз оюнчуктарыбызды эл колдоп кетсе деген тилек. Устакананы чоӊойтуп, чет жерден оюнчук алып келбей, тескерисинче биз дүйнөгө чыгарсак деген максатым бар», - деди ал.

Азат үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×