Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.02.2019 19:19 На русском

Бишкекте мурда соттолгон эки жигит таксистти курал менен коркутуп, ок атышкан (сүрөт)

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери жүргүнчү ташыган айдоочуга кол салган шектүү адамдарды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-январь күнү болжол менен саат 04:30 чамасында Бишкектеги «Калыс-Ордо» жаңы конушунун жанынан белгисиз адамдар 35 жаштагы айдоочуга кол салышкан. Шектүүлөр «Ош» базарынан таксиге отуруп шаар четиндеги айылдардын бирине жеткирип коюуну суранышкан. Жаңы конушка жеткен учурда айдоочуну курал жана бычак менен коркутуп, унааны токтотууну талап кылышкан. Ал эми айдоочу унаадан чыгып, качып кетүүгө жетишкен. Шектүүлөр айдоочунун артынан кууп, ок атышкан.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Биринчи май РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин (Өлтүрүү үчүн кол салуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрдү баштаган. Кылмыш ишинин мүнөздөмөсүн эске алып, аны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери киришкен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгү аныкталып, шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар буга чейин уурулук, зордуктоо, карактоо үчүн соттолуп, эркинен ажыратылган.

Шектүүлөрдүн бири — 1990-жылы туулган С.А.нын жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына болжол менен эки ай болгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү) беренеси менен соттолгон. Экинчи шектүү — О.уулу А. Алар Нарын облусунун тургундары. Ошондой эле С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандардын жогорудагыдай кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×