Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.02.2019 17:31 На русском

Улак тартыштагы мушташ: Базар-Коргондо эки адам ур-токмокко алынды (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында аламан улак тартыш боюнча мелдеште чыр чыгып, эки адам катуу токмоктолду. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну, ур-токмокко кабылган К.Эргеш аттуу жарандын жубайы Чынара Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандар мелдештеги чыр боюнча милицияга арыз жазышты.

«Айылда кезек менен аламан улак тартыш өтүп турат. Бул сапар 1989-жылы төрөлгөн балдар оюн уюштурушкан. Оюнда Мырзабек аттуу жаран М.Жакыпжан аттуу тургунду «баламдын алдын тородуң» деп ачууланып, аны жолдоштору менен ур-токмокко алып жатканда, жолдошум ажыратып коюуну туура көргөн. Ал «этияттагыла, башына катуу чаппагыла» деп аралашса, жолдошумду кошо токмоктоп салышкан. Экөөнү 7 адам биригип урушкан. Экөө тең баштарынан жабыркап, ооруканага жатты. Жолдошумдун башы үч жеринен тигилди. Экөө тең 12 күн дарыланууга туура келет экен. Ал эми таяктагандар жөн эле ооруканага келип жатып алышыптыр. Биз ушул жагдайга нааразыбыз. Токмоктогондордун үстүнөн милицияга арыз жаздык. Эми милиция акчалууларга алданбастан, ишти адилеттүү карап берет деген үмүттөбүз», - дейт жергиликтүү тургун Чынара Абдрасулова.

Анын айтымында, бул чырга байланышкан айылда жыйын болуп, окуя талкууга алынган.

Жалал-Абад ОИИБден маалым болгондой, улак тартыштагы чыр боюнча эки тараптан тең арыз түшкөн. Азыркы тапта териштирүү иши жүрүп жатат.

Ал эми Базар-Коргон аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, улак тартыштагы чырдан 5 адам ооруканага жаткырылган.

Алар:

- 1962-жылы туулган М.Ж., баш мээсинен жаракат алган;

- 1963-жылы туулган Э.К., баш мээсинен жаракат алган;

- 1991-жылы туулган М.у.Т., баш мээсинен жаракат алган;

- 1961-жылы туулган Д.Т., баш мээсинен жаракат алган;

- 1977-жылы туулган Д.М., баш мээсинен жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×