Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.02.2019 14:41 На русском

Ысык-Көлдө алкоголго ууланды делген 54 жаштагы аял ооруканада каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунда алкоголго ууланды делген 54 жаштагы аял ооруканада каза болду.

Ысык-Көл ОИИБден аталган факт болгондугун тастыкташып, Ак-Суу районунун Теплюченка айылында саат 07:00 чамаларында тез жардам кызматына чакыруу түшкөндүгүн билдиришти. Тез жардам кызматы 54 жаштагы тургунду ооруканага жеткиришкен. Бирок ал каза болуп калган. Учурда соттук-медициналык эспертизада дайындалып, тиешелүү иштер жүрүүдө.

«Күбөлөр аял буга чейин алкоголдук ичимдик ичип жүргөнүн жана ал аракка ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Мунун баары экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот», - дешти милициядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×