Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Чүй облусуПанфилов району 12.02.2019 14:39 На русском

Жокчулуктан баласын саткан аял: Аймактык улук тескөөчү И.Байышовдун тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов РИИБдин Курама аймагынын улук тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Ильяз Байышов (27 жашта) Кайыңды айылынын тургуну. Анын балалык, өспүрүм кез курагы кичи мекени – Кайыңдыда өттү. Жаштыгынан канат байлап, бүчүр ачкан, көкүрөктө түнөп, көңүлдө жашаган милиция кызматкери болуу ой-тилеги турмуш реалдуулугуна айланып, учурда сүйгөн кесибин аркалап келет. Анын милиция кызматындагы ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Элеттик жигит өзү, кесиби жөнүндө сөз болгондо балалыкка, өмүр башатына үңүлөт. Андагы романтикалуу күндөрүн, келечекке көз чаптырган жылдыздуу түндөрүн, «канткенде милиция болом?!» деген тунук ойлорунун оромдорун суктануу менен сөз кылат.

«Ырас, ошондой сезим жан дүйнөмдө жашаган. Балалыкты сагынуу, ага болгон бир арзуу да. Айылдагы кошуна байке милиция кызматкери болуп иштечү. Кийген кийими, басканы, өзүн дайыма таза, тыкан алып жүрүшү мен үчүн бөтөнчө, өзгөчө сезилчү. Күндө жол карап, келе жатканда алдынан тосо чуркап чыгып, “ассалому алейкум, милиция байке!” деп кош колдоп учурашат элем. Ал да атайын токтоп, мурдумдан эркелете чымчып, башымдан сылап, “ваалейкума ассалам! Дайыма улуулар менен саламдашып жүр, Ильяз” деп, сапарын улайт эле. Ошол айткан сөзү мага милдеттей, жоопкерчиликтей туюлган. Көрсө, саламдашуу — адеп башаты тура. Кийинчерээк биздин айылдагы милиция кызматкери Алмаз Кадыркуловду идеал тута баштадым. Анын да сымбаттуулугу, адамгерчиликтүүлүгү, топ жыйынды жара сүйлөгөн нускалуу кептери али да көз алдымда. Ал кишинин көзү өтүп кетти, бейиши болсун. Бирок мага окшогон жаштардын жүрөгүндө милициянын чыныгы атуулу катары жашап келет. Ушундай, байке. Келечекте милиция болуу максатымдын үрөнү балалык жан дүйнөмдүн айдың талаасында себилген», - деди улук тескөөчү.

Мүнөзү токтоо. Өз адистигине өтө берилгендиги, чындыкты жашоо философиясына айланткандыгы чечкиндүү сүйлөгөн сөздөрүнөн байкалат. Атасы Байыш менен апасы Сыягүлдүн эрмеги уул-келини Ильяз менен Айгеримдин уулу – Байхан. Аны таңдан кечке көтөрүшүп эркелетип, жашоо маңызынын таттуу күндөрүн кечиришет.

Ильяз Байышович милициянын коомдогу аброю, кадыр-баркы – эл ишенимине ээ болуу экендигинен аңдоо салат. Таза иштөөнү, кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсүн адистик чеберчиликте иликтөө, далилдөө менен ачууну туу тутат. Бирге иштеген милиция кызматкерлери М.Умаров жана К.Исмаилов менен тажрыйба бөлүшөт. Ата-энесинин ак иштөөгө үндөгөн сөзү кулагына жаңырат.

«Бул окуя 2016-жылдар болгон эле. Айылда бир үй-бүлө балалуу болушат. Аны угушкан коңшулары да сүйүнүч менен кабыл алышат. Бирок арадан бир жума өткөн соң ымыркай эмнегедир үйдө жоктой көрүнүш өкүм сүрөт. Мындай маалыматты мага бала бакчадагы менин тарбиячым телефон аркылуу кабарлаган. Дароо үйүнө барып, алардын жашоосу, ал жайы менен тааныштым. Баласын сурасам, чарчап калгандыгын айтышкан. Бирок алардын жүзүнөн, сөзүнөн, кыймыл-аракетинен кылмыштын изин окуп турдум.

Ошентип, оперативдүү иш-аракеттердин бардыгын чечкиндүүлүк менен жүргүздүм. Төрөт үйүнө, дарыгерлерге кайрылдым. Көрсө, баланы башка айылдагы бала көрбөгөн үй-бүлөгө сатып жиберишкен экен. Күнөөнү далилдеп, так маалыматтар менен мойнуна койгондо аял көзүнөн жаш алып көпкө ыйлады. Жокчулуктун запкысынан саткандыгын айтышкан. Биз сатылган баланы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте балдар үйүнө өткөрүп бергенбиз», - деди милициянын ага лейтенанты.

Мындан сырткары ууруну кармап, өз куруна колу-бутун байлап колго түшүргөнүн да баяндайт. Жаштайынан спорт менен машыкканынын үзүрү өз жумушунда натыйжа бергенине сүйүнөт. Мектепте, андан соң Ж.Шабиров атындагы милициянын атайын орто окуу жайында окуп жүргөндө билим алуу менен спорттун, дене тарбиянын күйөрманы болгондугун айтат.

Учурда милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясында сырттан билим алып жаткандыгынын себеби ишмердүүлүгүн жогорулатуу максаты экендигин баяндайт. Панфилов РИИБдин кызматкерлеринин билимдүүлүгүн, адистик такшалууга акыл-насаатын айткан РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Абитов Жеңишбек Эсеналиевичтин, көп жылдык тажрыйбага ээ милициянын капитаны Ислам Абрамзаевдин жана башка кесиптештеринин ийгилигин ар дайым айтып келет. Кыргыз коомундагы милиция кызматкерлеринин чечкиндүү аракети түрдүү кылмыштарга бөгөт коёруна ишенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×