Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусу, Ош 12.02.2019 14:56 На русском

Ошто билим алып жаткан индиялык студенттен кыргызча ыр (видео)

Turmush -  21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата Ош шаарындагы университеттин медициналык факультетинин 1-курсунда окуп жаткан индиялык Сурия Сайни кыргыз тилинде ыр окуп берди.

Сурия Сайни Индиянын Ражастан шаарынан келгенине аз гана убакыт болгонуна карабай, кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү жаттап, ырларды үйрөнүп жатканын айтты.

«Кыргызстанга алгач келгенде эле таза абасы жаккан, бирок тамактарын азыркыга чейин жей албайм. Эч качан эт жебегендиктен үйдө өзүбүздүн тамактарды жасайм. Жука нандары гана жагат. Ошко келгенде менден улуулар "кечки саат жети-сегизден кийин көчөгө чыкпа" деп кеңеш беришкен. Кыргыз кыздар менен достошуп, алар менен тилдерди аралаштырып сүйлөшүп, оюмду эптеп жеткирем. Индияда кыздарды көп нерседе чектешет. Эми гана заман алмашып, эркиндик берип калышты. Кыргызстанда кыздар эркиндикти сүйүшөт экен», - дейт Сурия Сайни.

Ал медициналык факультетте атайын кыргыз тили окутулуп, мугалим күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөздөрдү үйрөтүп жатканын айтат.

«Кыргыз мугалимдер бизге жакшы мамиле жасап, аяп турушат. Анан улууларга жана кыздарга сый мамиле кылышат экен. Алайга, Папанга, ошондой эле кар көп жааган аймактарга барып келдим. Бизде Касмир деген шаарда гана кар көп болот. Бирок шаарга келген эл ал жерди булгап салат. Индияга эс алууга барганда кайра Ошко кайткым келет. Окууну аяктагандан кийин өз элиме кетем. Себеби бул жакта медицина кызматкерлери бааланбайт, эмгек акы өтө төмөн. Кыргыз сому менен эсептегенде Индиядагы дарыгерлер айына 1 млн сом эмгек акы алышат. Ал эми кардиологдорго 2 млн сом төлөнөт», - деди студент.

Индиялык студентке кыргыз тилин ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин кыргыз тили жана Манас таануу боюнча окутуучусу Алтынкыз Маматова үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×