Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.02.2019 12:12 На русском

Жасалма тишти ижарага сураган, гипске тумчуккан бейтап… Тиш дарыгер Ринаттын иш учурундагы окуялары (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылынын 35 жаштагы тургуну Ринат Керимахунов 10 жылдан ашык убакыттан бери тиш дарыгери болуп эмгектенет.

Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, Кара-Балта шаардык медициналык окуу жайынын тиш дарылоо бөлүмүн артыкчылык диплом менен аяктаган.

«Эмгек жолумду 2006-жылы Ысык-Көл облусунун тиш дарылоо эмканасында баштагам. Учурда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында тиш доктур болуп эмгектенип жатам.

Жумушта кызыктуу окуялар көп эле болду. 2006-жылы күз айларында облустук стоматология борборунун башчысынын орун басарлыгына Азат Казакович жаңы дайындалып келди. Ал тиш доктурларга талаптарды катуу коюп, бизге тиш салууга тыюу салып, көзөмөлдөп турчу. Бир күнү кесиптешим экөөбүз бейтаптын тишин салып берели деп, анын тишинин өлчөмүн гипс менен алып жатсак бөлмөгө Азат Казакович кирип калды. Мен бейтапка отуруп туруңуз дедим, жетекчи болсо көпкө чейин биздин бөлмөдө болду. Ал кеткенден кийин бейтапты карасам гипс оозунда катып, дем ала албай, тумчугуп жатыптыр. Негизи тишти гипс менен өлчөп, дароо алыш керек болчу, себеби ал бат эле катып калат. Өзүм ача албай, атайын жабдык менен кесип, араң чыгарганбыз. Акчанын айынан бейтапты какатып, тумчуктуруп ала жаздаганбыз. Ошондон кийин бул ишти экинчи кайталаган эмес элем.

Бир жолу жумушта отурсам тааныш агалардын бири телефон чалып: "Жеңең тойго барат эле, бейтаптарыңдын салына элек жасалма тиши болсо берип турчу. Тойго кийип барып келсин, тойдон кийин ижарасын берем" деп күлдүргөн», - дейт дарыгер иш учурундагы окуяларды эскерип.

Ошондой эле Ринат Керимахунов тишке кандай кам көрүү керектигин айтты.

«Ден соолук сыры тиштен байкалат деп бекеринен айтылган эмес да. Анткени бузулуп, түшө баштаган тиш күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн бузуп гана койбостон, көп оорулардын бар экендигинен кабар берет. Тиш ооруларынын арасында кеңири тараганы кариес менен пародонтоз. Аларга каршы туруунун эң биринчи жолу албетте кичинекей кезден баштап ооз көңдөйүн жана тишти убагында жууп туруу зарыл. Тиштин гигиенасын бузбай сакташ үчүн тиш щётканы жаңысына алмаштырып туруу зарыл. Катуу щётка менен жууган алда канча пайдалуу. Ошондой эле, 6 ай сайын тиш дарыгерге көрүнүп туруу керек», - дейт дарыгер

Ринат Керимахуновдун эки кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×