Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуКочкор району 11.02.2019 17:57 На русском

Кочкорлуктар райондун аймагындагы таштандылар жыйналбай жатканына нааразы (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун борбордук көчөлөрү, арыктар жана базардын аймагы таштандыларга толгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, тазалык өз убагында каралбайт. Мүшөккө салынган таштандыларды жолбун иттер чачып кетет.

«Кочкор районунун Кочкор айылындагы С.Орозбаков, Исакеев жана Кочкор көчөлөрүндө курулуш материалдардын калдыктары, жөө адамдар өтүүчү жолдордо кум жана шагыл жатат. Ал гана эмес чоң көлөмдөгү контейнерлер турат.

Жергиликтүү бийлик өз убагында чара көрбөй, жолбун иттер атылбай жатат. С.Орозбаков көчөсүнүн боюнда мышыктын өлүгү да жатат», - дешет жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×