Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 11.02.2019 14:07

Бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсү каза болду. Уранды алдында кыйылган өмүрлөр же Стамбулдагы кырсык (сүрөт)

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда ураган 8 кабаттуу үйдүн алдынан бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсүнүн денеси чыгарылды. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Режеп Тайып Эрдоган да катышканын haberler.com басылмасы жазды.

Өлкө башчы: «Жараткан журтташтарыбызга бейиштен орун берсин. Албетте, бул окуядан сабак алышыбыз керек», - деди.

Кырсыктын кесепетинен каза болгон Алемдарлардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү гана калды. Сүрөттөрдөн Эрдоган Алемдар, анын кыздары — Эржин менен Эслемди көрүүгө болот.

Уранды алдынан тирүү чыгарылган үй-бүлөнүн мүчөсү Гүлер Ыйлмаз: «Бир нече күн мурун ашканадагы шкафтардан кычыраган үн уккам. Имарат кулаганга чейин жарым саат мурун балконго чыгып, имарат кыймылдаганын сездим. Севвалды жаныма чакырып, жер титиредиби деп сурадым. Ал жаңылыктарды карап, жер титиребегенин айтып, бөлмөсүнө кайтты. Бир нече мүнөттөн кийин үй урады…», - деди.

Ал эми окуя учурунда мечитте болгонун айткан Осман Ыйлмаздын айтымында, имараттын кире беришинде текстиль ательеси жайгашкан.

«Анын ичинде кызматкерлер бар экенин айтып жатышкан. Бирок мен эч нерсе көргөн жокмун. Имаратта эмне окуя болсо да акыркы 3 күндө болду», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------

Стамбул шаарынын Картал районунда жайгашкан 8 кабаттуу үй 6-февраль күнү урап кеткен.

«Уранды алдында калган 5 жаштагы кыз 19 сааттан кийин куткарылды. Жергиликтүү бийлик кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 13 адам куткарылганын билдирди. Ал эми жаракат алгандардын арасындагы 3 адамдын абалы оор», - деп жазган haberler.com.

Бул көп кабаттуу үйдө 43 адам жашачу. Болжолдуу маалымат боюнча, имараттын 3 кабатын ээлеген ателье мыйзамсыз иштетилип келген. Ошондой эле үйдүн астыңкы кабаттарында дүкөндөр да жайгашкан.

Картал районунун башчысы Алтынок Өз: «Имарат 1992-жылы курулган. Аны бузуу чечими жок болчу. Бул райондо кооптуу деп табылып, бирок бузулбай калган имарат жок. Учурда анын алдында канча киши калганы белгисиз. Астыңкы кабатта ателье бар болчу. Имарат бир жетекчинин жардамчысынын тууганына таандык», - деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×