Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 08.02.2019 10:05

Сайкал Садыбакасова менен Максат Довранов ажырашууну чечишти

Turmush -  Эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова менен теле алып баруучу катары таанылган Максат Довранов ажырашууну чечишти. Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Turmush басылмасынын кабарчысына кызы менен күйөө баласы чогуу жашабай калганына 1 ай болгонун ачыктады.

«Эки жаштын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, учурда экөө тең ажырашууну чечишкен. Бирок нике күбөлүгү кыркыла элек. Мен Максатты өз баламдай эле көрөм. Сайкал менен Максат ажырашса дагы достук мамилени сактап калышат. Максаттын ишине ийгилик каалайм. Кудагыйым менен да жакшы мамиледемин. Мындан ары мамилебиз уланат», - деди Г.Садыбакасова.

-----------------------------------------------------------------------------------------

Үйлөнүү той Ош шаарындагы ресторандардын биринде 2017-жылдын 14-ноябрында өткөн. Максат (30 жашта) менен Сайкалга (26 жашта) өкүл ата-эне болуу милдетин Асан Мансуров менен Самара Каримова алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×