Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 07.02.2019 11:53

Саламаттыкты сактоо тармагында 18 жыл бөлүм башчы болгондор бар. Эмне үчүн?

Депутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүн, 7-февралдагы жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ооруканада бөлүм башчы болуп 18 жыл иштеген жетекчилер бар жана аларды ордунан эч ким жылдыра албайт.

«Бишкек шаардык тез жардам кызматын карасак бир топ орундар бош. Бирок кээ бир жерде бөлүм башчылар 10 жылдан ашык иштеп жатышат. Мисалы, кечээ Улуттук госпиталь боюнча маселе көтөрдүм. Ал жерде бир башчы 18 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатат. Ушундайлар көп, кайрылуулар келип жатат.

Мамлекеттик кызматкерди ротация кылса болот, эмнеге ошол тармакта жок?», - деп сурады депутат.

Бул маселе коррупцияга тез таасирин берип жатканын белгилеген депутат өкмөт өкүлүнөн канча бөлүм башчы 10 жылдап иштеп келгени, эмне үчүн ошол тармакта ротация болбогону жана кандай жоболор бул тармакты жөнгө сала турганы тууралуу маалыматтарды тактап берүүнү суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×