Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.03.2019 22:47 На русском

Айыл турмушу: Ноокендик Мирлан Мурзакулов баккан ак эчкилер жылына 2 жолу эгиз төл берет (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Мирлан Мурзакулов 3 жылдан бери айыл чарба тармагында эмгектенип, сүт багытындагы эчкилерди багып жатат. Учурда ал баккан эчкилер 20 миң сомго чейин бааланып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мирлан Мурзакулов 2009-жылдан бери ветеринар болуп эмгектенип, фермерлер менен бирге иштешет.

«Акыркы 3 жылдан бери фермерлер менен бирге иштешип, аларга кеңеш берип, долбоорлордун негизинде таза кандуу сүт багытындагы эчкилерди таратып жатабыз. Мындан тышкары жакыр жашаган, көп балалуу 31 үй-бүлөгө жардам катары бирден эчки бергенбиз. Анткени сүт багытындагы заанен породасындагы эчкилер күнүнө 2 литрден 3,5 литрге чейин сүт берет. Ал эчкилердин түсү ак болуп, башкалардан айырмаланып турат. Бул эчкилерди жазында 3-4 жолу сааганга болот. Ал эми кышында 2 жолу саайбыз. Эчкинин сүтү ден соолукка абдан пайдалуу. Азыркы жаш энелер балдарынын курсагы тойбогондуктан аргасыз Кытайда жасалган сүттү колдонушат. Ага кеминде жумасына 2 миң сом сарпташат. Андан көрө бир эчки сатып алып, 3 баланы бакса болот», - деди Мырзакулов.

Учурда сүт багытындагы эчкилерге элдин суроо-талабы көбөйүп, алардын баасы 6 миң сомдон баштап 20 миң сомго чейин жетет. Ал эми текелери 8,5 миң сомдон 15 миң сомго чейин сатылууда. Бул эчкилер 15-20 кг эт берет.

«Негизи дүйнө жүзүндө эчкилердин 700дөн ашык түрү бар. Биздин өлкөдө алардын 5-6 гана түрү багылат. Ангор эчкилер жүнү менен айырмаланса, башка породадагы эчкилер эти менен айырмаланат. Ал эми заанен эчкилери сүттүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Бул эчкилер жылына эки жолу эгиз төл берип, бир жылда 4 улакты багат. Заанен текелерин 2 жылга жеткирбей алмаштырып турабыз», - деди Мирлан Мырзакулов.

Сүт багытындагы эчкилер көбүнчө желин ооруларынан жабыркайт.

------------------------------------------------------------------------------------------

Бул породадагы эчкилер сүттү көп берген эчкилер болуп саналат. Породанын пайда болушуна көп жылдык иштен тышкары Швейцариянын Зааненталь өрөөнүндөгү климаттык шарттар да маанилүү роль ойногон.

Заанен эчкилери чоң болуп, тирүү кезиндеги салмагы 90 килограммга чейин жетет. Тулку бою узун болот. Ичеги-карын жана эмчек бези жакшы калыптанган. Желини алмурут формасында болуп, сүттү көп топтойт. Сөөктөрү катуу, башы орто чоңдукта жана кулагы туруп турат. Мойнунда айрым учурда тиликтер болот. Ал эми териси катуу, денесинин ар кайсы жеринде кара тактар бар.

Төлдөө жөндөмү жогору, бир эчки 2-3 улак туушу мүмкүн. Улактар бат жетилип, туулгандагы салмагы 3 килограммды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×