Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.02.2019 09:01

Баткенде өткөн жылы 2,5 миң адамдан 1000 литрден ашык кан алынды

Turmush -  Баткен облусунун аймагында 2018-жыл ичинде жалпы кан тапшырган донорлордун саны 2518 адамды түздү. Бул тууралуу Баткен облустук кан борборунун башчысы Айбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, донорлордон миң литрден ашык кан даярдалып, андан плазма жана эритроцитардык масса жасалып, толугу менен облус аймагындагы дарылоо мекемелерине берилди. Тактап айтканда, канга муктаж болгон учур катталган жок. Облуста 200гө жакын КРнын ардактуу донорлору бар. Алардын негизги бөлүгүн Кызыл-Кыя, Кадамжай жана Баткен шаарынын тургундары түзөт. Алдыда 2019-жылга карта акысыз донорлордун санын көбөйтүү аракеттери көрүлөт.

«18-60 жашка чейинки жаштагылар донор боло алат. Донор — бул бирөөнүн өмүрүн сактап, соо иш кылат. Донор болуунун пайдалуу жактары да бар. Донор болгон адамдын ден соолугу такай текшерилип, ар кандай оорулардан алыс болот. Бирөөнүн өмүрүн сактоо менен өзүнүн ден соолугун чыңдайт», - деди Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×