Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Бишкек 05.02.2019 16:36 На русском

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: Рак оорусунан айыгууга болот

Turmush -  Бүткүл дүйнө рак оорусунан жабыр тартып, калктын көп бөлүгү бул оорудан өлүмгө дуушар болуп жатат. Бул тууралуу онкологиялык кызматтын кеңешмесинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Тасним Ататра билдирди.

Анын айтымында, бардык маалыматты камтыган улуттук стратегиялык программалар бийлик өкүлдөрүндө, Саламаттыкты сактоо министрлигинде, тиешелүү жетекчиликте каралып жатат.

«Бейтаптардын каражатына же убактысына карабай, дарылануу баарына жеткиликтүү болуусу үчүн болгон күчүбүздү жумшап, стратегия иштеп чыгуубуз керек. Биринчи этаптагы рак оорусуна кабылгандар бул оорудан айыга алат. Бул тууралуу коом маалымат менен камсыз болуп туруусу керек. Ооругандар кайда жардам сурап кайрыла турганын билүү үчүн маалыматты кеңейтишибиз зарыл», - деди Тасним Ататра.

«Эргене» фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова белгилегендей, 2017-жылы 3501 кыргызстандык рак оорусунан каза тапса, 5526 адамга биринчи жолу бул диагноз коюлган.

Ракка каршы күрөшүү күнү: Көкүрөгүмдү кесип салышканда өзүмө келе албай жүрдүм, - жалал-абаддык эне

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×