Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 31.01.2019 17:12

Сокулуктун Кара-Сакал айылындагы таза суу системасы 16 млн сомдук каражатка оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылынын таза суу системасы 16 млн сомдун тегерегиндеги каражатка жаӊыртылып жасалды. Анын ачылыш аземине вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов жана Сокулуктун акими Таалайбек Корголдоев катышты.

Айыл өкмөт башчысы Замир Нурманбетовдун айтымында, аталган айылдагы 120 түтүндө 600 киши жашайт.

«Айыл эли толугу менен таза суу менен камсыздалды. Суу системаны толугу менен жаӊыртып жасадык. Ага республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×