Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
31.01.2019 10:17 На русском

Быйыл биринчи жолу жүрөккө операция жасалган Баткенде жүрөк оору менен жабыркагандар көбүрөөк

Turmush -  Жүрөккө байланыштуу оорулар Баткен облусунун аймагында көп кездешет. Бул тууралуу радиодогу маегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи медициналык жардам берүүнү башкаруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

«Улуттук хирургия борбору Баткендеги оорукананы көзөмөлгө алган. Иликтөөлөр менен жүрөккө байланышкан оорулар Баткенде көп кездеше турганы белгилүү болду», - деди бөлүм башчы.

Ошондой эле адистер алыскы Зардалы айылына барып, жүрөккө байланыштуу көйгөйлөрдү айткан жашоочуларды текшеришкен. Анын жүрүшүндө жаш балада жана кош бойлуу аялда да жүрөк оорусу бар экени аныкталган.

К.Калмаматовдун айтымында, 1-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган аймакта 2 операция жүргүзүү чечимин кабыл алган. Бул Түштүк Кореянын колдоосу менен ишке ашат.

2019-жылдын 18-январында Лейлек районунун Исфана шаарындагы аймактык ооруканада биринчи жолу жүрөккө операция жасалганын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына кардиохирург Жаныбек Гайбулдаев билдирген болчу.

Анын айтымында, буга чейин Баткен облусунун аймагында мындай оор операция жасалган эмес. Анткени облус аймагындагы ооруканалардын шарты туура келбейт. Ошондой эле кардиохирург дарыгерлер жок. Бишкек шаарынан келген тажрыйбалуу дарыгерлер Лейлек районунда жашаган бейтап тууралуу маалымат алган соң ага Исфанада операция жасоону чечишкен.

«Азыркы учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Операция жума күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында башталып, 12:00го жакын бүттү. Мындай операцияларды Бишкекте күнүгө эле жасап жүрөбүз. Бул бизге техникалык жактан эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Бул жерде операцияны башка аймакта жасаганыбыз үчүн башында кичине толкундануу болду. Бирок операция биз каалагандай өттү», - деген хирург.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×