Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 29.01.2019 12:42

Баткенде гемодиализ борбору ачылып, бейтаптарды кабыл ала баштады (видео)

Turmush -  Бүгүн, 29-январда Баткен шаарында гемодиализ клиникасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Борбордун башкы дарыгери Самарбек Иматиллаевдин айтымында, мекемедеги 5 аппарат күнүнө 10 бейтапты кабыл алат. Жумасына 60 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Мамлекет тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу ар бир бейтапка 4700 сом төлөнүп берилет. Бейтаптарга кошумча төлөм үчүн 550 сом бар. Гемодиализ борбору Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кирбеген бейтаптарды да кабыл алат. Дарылануу үчүн Кызыл-кыя, Лейлек, Баткен районунан да бейтаптар келип жатат.

Бул жерде дарыланып жаткан бейтаптардын бири Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын тургуну Күмүшай Коймуратова. Ал 2 жылдан бери Ош, Бишкек шаарына, кийин Кадамжай районуна барып дарыланып жүргөн. Алыс шаарларга барып дарылануу үчүн бир топ акчасын жок кылчу. Эми Баткен шаарына бул борбор ачылып, акчаны үнөмдөп, убагында дарыланууга шарт түзүлдү.

Учурда Баткен облусунда 36 адам гемодиализ алууга муктаж. Гемодиализ борбору кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы болуп саналат. Анын ачылыш аземине КРнын вице-примьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган бир топ чиновниктер катышты.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×