Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 26.01.2019 15:12 На русском

Токмокто ок атышуу болгондугу жөнүндөгү арыз түшкөн эмес, бирок ЖМКга чыккан маалымат каттоого алынды, - милиция

Turmush -  Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы айрым ЖМКдын Токмок шаарынын четиндеги Дунларов көзөмөл-өткөрмө пунктунда аткезчилердин ок атышуусу болгондугу жөнүндөгү маалыматына комментарий берди.

«Чүй ОИИБге 24-январдан бүгүнкү күнгө чейин ок атуучу курал колдонулган кылмыштар жөнүндө кандайдыр бир билдирүүлөр катталган эмес. Мындан тышкары Чүй облустук аймактык ооруканасынан октон жаракат алган адам түшкөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок ЖМКда жарыяланган маалымат кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталган.

«Милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн аракеттерди көрүп жатат», - деп билдирди милиция.

ЖМКлар 25-январда Токмок шаарынын четиндеги Дунларов көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алууга аракет кылган адамдар ок атышкандыгы жөнүндө жазышкан. Ок атышуудан 1 адам жаракат алганы белгиленген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×