Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баракелде, Бишкек 24.01.2019 13:04 На русском

Бишкекке март айында 69 автобус алынып келет

Turmush -  Бишкек шаарына ушул жылдын март айында жаңы автобустар алынып келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында борбордогу автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Анын айтымында, шаардагы коомдук унаалар 10 жылдан ашык убакыттан бери жаңылана элек.

«Шаардык бюджеттин эсебинен 2018-жылы сынак өткөрүп, келишимдерге кол койдук. Март айынын аягында Бишкекке 69 автобус алынып келет деп ишенип турабыз. Жаңы автобустар 90 орунга ылайыкташкан», - деди ал.

Койчубаковдун айтымында, автобустар Кытайдан алынып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×