Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Дүйнө 14.01.2019 13:03 Жаңыланды: 14.01.2019 14:27 На русском

Бишкектен учкан «Boeing 707» учагы Иранда кулады (толугу менен)

Turmush -  Бүгүн Бишкектен учкан «Boeing 707» үлгүсүндөгү учак Ирандын Тегеран шаарынын аймагынан кырсыкка учурады, деп билдирет ирандык ИрТАГ агенттиги.

Маалыматка караганда, учак Ирандын борборунун четиндеги Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Кырсык болгон жерге куткаруучу топтор — тик учак жана ондогон тез жардам унаасы чыгып кетти. Учак жүк ташуучу болгон. Ал Бишкектен Тегерандын четиндеги Кередж шаарына бараткан. Бортто экипаждын 10 мүчөсү болгон.

Press TV телеканалы маалымдагандай, кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болгон.

14:35: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Boeing 707-300» учагында кыргызстандыктар болгон эмес. Жүк ташуучу учакка 30 тонна эт жүктөлгөн.

13:54: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учактын ичинде канча адам болгондугун тактап жатат.

13:22: FARS ирандык басылмасы маалымдагандай, учак Бишкектен учуп келген. Болжолдуу маалыматтарга караганда, учкуч башкаруусун жоготуп, тилкенин эң аягына конгон. Анын кесепетинен Боинг турак жайлуу районго чыгып кетип кулаган. Андан соң күйүп баштаган. «Boeing 707» учагында 10 адам болгон.

13:18: Учак жүк ташуу менен алектенген Payam Air авиакомпаниясына таандык. Ирандын Тегеран шаарында катталган. Авиакомпания 1996-жылы негизделген.

13:16: «Манас» аэропортунан маалымдашкандай, бул Тегеран — Бишкек — Пайям багытындагы чартердик каттам болгон. Учак Бишкектен 14-январда саат 07:16да учуп кеткен. Учак Кыргызстанга таандык эмес.

13:13: Фарс агенттигинин маалыматына караганда, учакта 16 адам болгон. Алардын ичинен борт-инженер тирүү калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×