Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 12.01.2019 16:36 На русском

Таластагы «Айкөл Ала-Тоо» коому тынчтыкка чакырат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Талас-АКИпресс маалымат борборунда Талас облусундагы «Айкөл Ала-Тоо» коомунун мүчөлөрү маалымат жыйынга чогулушту. Алар Таластын жашоочулары кытайларга каршы митингге чыгууга үндөп жатышканы тууралуу маалыматты төгүндөшөт.

Бүгүнкү жыйынга «Айкөл Ала-Тоо» коомунун координатору Анарбек Рыскулбеков, коомдун мүчөлөрү — Апрель революциясынын баатырлары Жаныбек Бейшенов, Козубек Айталиев катышкан.

Жыйындын катышуучулары: «Социалдык түйүндөрдө митинг жасайбыз деп үндөп жатышат. Мындай маалыматтарды угуп капа болдук. Апрель окуясын көрүп, жаныбыздагы балдар окко учканына өзүбүз күбө болгонбуз. Андан кийин мамлекет экономикасын түптөп, карапайым эл кыйналган.

Таластын эли ар дайым тынчтыкты каалайт. Биз дагы тынчтыкты каалайбыз. Арабыздан бузуку тараптар элдин тынчтыгын бузуп жатышат. Мындай чагымчыл чакырыктарга Талас эли курал болбошу керек. Мамлекетте көйгөй болсо тиешелүү мыйзамдар иштесин. Кыргыз элим, митинг жана башка чакырыктардын айынан тынч жашообузду бузуп албайлы», - деп элди тынчтыкка чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×