Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.01.2019 10:26 Жаңыланды: 12.01.2019 14:40 На русском

Видео: Ананьев айылынын тургундары таң эрте чогулушту. Көрүстөндү талкалаган адамды издеп жатышат

Turmush -  Бүгүн, 12-январда таң эрте Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын тургундары чогулушту. Алар айылдагы православдык көрүстөндү талкалаган адамды тезинен табуу талабын коюп жатышканын аймактык кабарчы билдирди.

Нааразы тарап менен райондун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жолугушуп, учурда күнөөлүү адамды аныктоо, издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү белгисиз адамдар талкалап кетишкени маалымдалган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, белгисиз адамдар эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүл чамбарларды ыргытып кетишкен. Мындай көрүнүштү 11-январда кечинде көрүштү.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, 11-январда саат 20:30 чамасында Ананьев аймактык милиция бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу (аял киши) байланышып, христиан көрүстөнүндө эстеликтер талкаланганын билдирген. Айтылган дарекке Ысык-Көл ОИИБ менен Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактаган.

Маалым болгондой, 11-январда саат 16:00 чамасында чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн барышканда бир нече эстеликтер талкаланып турганын көрүшкөн. Ал жерден милиция кызматкерлери христиан дининдегилер тагына турган эки кайчылашкан сызык формасындагы 35 белгини жана мрамордон жасалган 2 эстеликти сынган абалда табышты.

Бул окуя каза болгон адамды мазактоо фактысы менен Ысык-Көл РИИБде катталып, ыкчам текшерүү иштери жүрүп жатат жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×