Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 11.01.2019 18:38 На русском

Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарбаса Ак үйдүн алдында өзүмдү өрттөйм, - активист Роза Маманова

Turmush -  Бүгүн, 11-январь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында активист Роза Маманова Жогорку сотто анын иши адилеттүү каралбаса Ак үйдүн алдында өзүн өрттөрүн билдирди.

Анын айтымында, ал өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин жана айыл өкмөттөрдүн мыйзамсыз жасаган иштерин ачыктаганы үчүн жасалма кылмыш иши козголгон. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 36 күн өткөргөн.

«Буга чейин көп маселелерди көтөрүп, аларды чечүү жолдору боюнча укук коргоо органдарына далай ирет арыз жазгам. Бул аралыкта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кадамжай районунун мурунку акиминин, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин мыйзамсыз иштерин коомчулукка чыгаргандыгым үчүн мени ар кандай ыкмалар менен жазалашты деп ойлойм. Анткени 2017-жылы эч кандай далили жок камакка алып, 36 күн бою Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармашты.

Жогоруда айтылган арыздын негизинде кылмыш иш сотко өтүп, 2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту мени 1 жылга шартуу кесилсин деген өкүмүн чыгарды. Ал эми Баткен облустук соту да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Эмне үчүн жасабаган кылмыш үчүн, албаган акча үчүн соттолушум керек? Эмне үчүн чындыгында мыйзам бузган чиновниктер жазаланбай кала берет? 1,5 мурун Кызыл-Кыя шаардык соту Баткен облустук сотунун мага карата чыгарган чечимдерин жокко чыгарып, актап берүү боюнча Жогорку сотко арыз жаздым. Ушул жылдын 15-январында Жогорку соттун отуруму болот. Эгер Жогорку сотто да менин ишим адилеттүү каралбаса, Ак үйдүн алдында өзүмдү өзүм өрттөйм. Мен азыр ар дайым жанымда 2 литр бензинди ала жүрөм», - дейт Маманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×