Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
12.01.2019 18:36

Кыргызстанда 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолу

Turmush -  Эртең, 12-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, деп маалымдайт ӨКМ. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 17-18-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында 12-14-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Ал эми 13-14-январда борьордо жаан-чачын күтүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×