Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Чүй облусуАламүдүн району 11.01.2019 18:15 Жаңыланды: 12.01.2019 18:05

АКИ-TV: Полковниктин кызы — Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин каякта?

Turmush -  2015-жылдын 25-ноябрында бүткүл кыргызстандыктар сүйүнүчтүү кабар укканбыз. Ушул күнү саат 18:12де Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны болгон Айлин Кожошева Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген.

Бул тарыхый окуянын каарманына мамлекеттен 1 миллион сомдун сертификаты, Ош шаарындагы 4 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 100 миң сом сүйүнчү берилген болчу. Мындай колдоо үчүн Кожошевдердин үй-бүлөсү өлкө жетекчилигине, мамлекетке терең ыраазычылыгын билдиришет.

Учурда Айлин 3 жаштан өтүп, кезек жете электигине байланыштуу бала бакчага бара элек. Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны азыр 5 бир тууганы (жалпы 3 уул, 3 кыз) жана ата-энеси менен бирге Бишкек шаарында ижарага алынган батирде жашап жатат.

Айлин төрөлгөн учурда атасы — Алмаз Кожошев Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн командири болчу. Бишкек шаарына анын жумушуна байланыштуу жер которушкан.

Рахат Белекова 6-баласы Айлинди 39 жашында жарыкка алып келди. Ымыркайы өлкөнүн тарыхый каарманы болорун күтпөгөн ата-эне кош бойлуулукту да атайын пландашкан эмес. Демек бул тагдырдын чыныгы белеги деп эсептешет.

Жубайлардын улуу кызы жогорку окуу жайды аяктап, ал дагы Улуттук гвардияда (телефонист) эмгектенип жатат. Ал эми экинчи уулу студент болсо, кийинки уулу мектеп окуучусу. Ал так илимдер боюнча бир катар сынактардын жеңүүчүсү болду. Андан кийинки 6,5 жаштагы уулу мектепке даярдоо курсунда окуп жатса, 5 жаштагы Сезим менен Айлин үйдө тарбияланып жатат.

Рахат Белекова жолдошуна жардам көрсөтүү максатында кийим тигүүнү өздөштүрүп, керектүү жабдыктарды да сатып алганын кошумчалады.

АКИpress маалымат агенттигинин командасы кыргызстандыктарды Айлин Кожошева менен жакындан тааныштырат.

Буга чейин Turmush басылмасы Айлин кезек жете электигине байланыштуу бала бакчага бара электигин жазган. Ошол эле күнү Билим берүү жана илим министрлиги Кожошевдердин үй-бүлөсү менен байланышып, балдарын электрондук кезекке каттаганын билдиришкен. Анда көп балалуу үй-бүлө катары жеңилдиктер каралып, учурда мектеп курагына чейинки 3 баласы (6,5 жаштагы уулу, 5 жаштагы кызы жана 3 жаш 2 айлык Айлин) кезек күтүп жатат. Министрликтин өкүлдөрү жакынкы аралыкта оң жооп боло турганын билдиришкен.

Ал эми үй маселеси боюнча Алмаз Кожошев: «25 жылдан бери аскер кызматкери болуп эмгектенем. Ош шаарынан аскер кызматкерлерине мамлекеттен үй берилип жаткан маалда Айлин төрөлүп, кезегим башка офицерлерге берилген. Учурда Бишкек шаарынан үй алуучу аскер кызматкерлеринин катарында кезек күтүп жатабыз», - деп билдирди.

Рахат Белекованын айтымында, жубайлар 20 жана 21 жаштарында баш кошуп, жолдошу алыскы чек ара пункттарында кызмат кылганда кошо жүргөн. Өзү бухгалтер кесибине ээ болгону менен үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кесиби менен эмгектенген эмес. Экөө тең Ош облусунда төрөлүп, билим алууну Бишкек шаарында улантышкан.

Айлин менен апасы төрөт үйүнөн чыгарылып жатканда туулгандыгы тууралуу алтын күбөлүк тапшырылган болчу.

Президент 6 миллиончу кыргызстандык менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайга 1,4 млн сом бөлдү (энелердин тизмеси)

Видео, фото - Кыргызстандык 6 миллионунчу жарандын чоң үй-бүлөсү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×