Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Баракелде, Дүйнө 08.01.2019 10:06 На русском

Жаш кызга ыпыластык кылып: Москвада кыргызстандык адам 3-кабаттан секирип качып, бирок жаракат алып кармалды

Turmush -  7-январда Москвада 11 жаштагы кызга ыпылас аракеттерди жасоого шектелип кыргызстандык 29 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» кабарлады.

Маалыматка караганда, ал коммерциялык фирмалардын биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөн. Анын үстүнөн москвалык 11 жаштагы кыздын апасы арыз жазган. Анда кылмышка шектелген адам өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында анын кызына карата батирден ыпылас аракеттерди жасагандыгын белгилеген.

2019-жылы 7-январда шектүүдөн көрсөтмө алуу үчүн кылмыш жасалган жерге алып барышкан. Бирок ал качууга аракет кылып, 3-кабаттагы терезеден секирип кеткен. Бирок жерге түшкөндө белинен жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×