Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.01.2019 16:59 На русском

Сүрөт — Ак-Талаада 2018-жылы кайсы мекеме-ишканалардын жетекчилери алмашты?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2018-жылдын ичинде бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери алмашып, кадрдык саясат жүрдү. Аймактык кабарчы кызматтан кеткен жетекчилерди тизмектеп чыккан.

Өткөн жыл Ак-Талаа районунун акиминен тарта бир катар жетекчилердин алмашуусу менен элдин эсинде калды. Алсак:

- районду буга чейин жетектеп келген аким Семетей Черикбаев Нарын районуна аким болуп кеткендигине байланыштуу анын ордуна Нарын шаарынын мурунку вице-мэри Нурбек Молдокадыров дайындалса;

- акимдин мурунку орун басары Жылдыз Мамбетова башка кызматка кеткендигине байланыштуу анын ордуна Кенжегүл Карагулова дайындалды;

- Ошондой эле райондук жол тейлөө ишканасынын мурунку жетекчиси Ажыбай Исаев Ак-Тал-Чат көпүрөсүнө байланыштуу өз арызы менен кызматынан кетсе, анын ордуна Нарын Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк-тилкелик башкармалыгынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков;

- райондук аймактык оорукананын мурунку башкы дарыгери Догдурбек Бектуров иштеги кемчиликтери үчүн кызматынан алынса, анын ордуна төрөт бөлүмүнүн башчысы Гүлзуура Чолпонбаева;

- райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мурунку жетекчиси Үсөнбек Токтокуев ротация аркылуу Тогуз-Торо районуна которулса, анын ордуна Жеңишбек Мамбетказиев;

- ал эми райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Айгүл Капарова жаш курагы жана иштеги кемчилиги боюнча өз арызынын негизинде кызматын бошотсо, анын ордуна Раимберди Мамашарипов;

- райондук социалдык фонд башкармалыгынын мурунку жетекчиси Анаркан Таштанкулова өз каалоосу менен кызматын тапшырса, анын ордуна буга чейин орун басары болуп иштеп келген Иса Акматалиев;

- райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын мурунку жетекчиси Канатбек Жумабеков башка кызматка кеткендигине байланыштуу анын ордуна Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алдеев;

- райондун мурунку спорт инструктору Мирбек Чырмыев Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебине директор болгондугуна байланыштуу анын ордуна «Тайлак баатыр» балдар-өспүрөмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары Улан Догдурбек уулу;

- райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу (ЗАГС) бөлүмүнүн мурунку башчысы Фарида Жусупбекова ротация аркылуу башка бөлүмгө которулгандыгына байланыштуу анын ордуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн Нарын, Ысык-Көл облусу боюнча мурунку куратору Болот Акуналиев дайындалган.

Андан сырткары айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын мурунку башчысы Нарынбек Керимкулов кызматынан алынып, анын ордуна Рысбек Каналиев дайындалган. Ошондой эле Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Руслан Алдеев шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына жетекчи болуп кеткендигине байланыштуу анын ордуна 11 депутаттын колдоосу менен мурунку жооптуу катчы Кенжебай Бейшенкулов шайланган.

Мындай кадрдык саясатка же мекеме-ишканалардын жетекчилеринин алмашуусуна жаңы келген аким Нурбек Молдокадыров эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

«Мекеме-ишканалардын жетекчилеринин алмашуусуна дээрлик менин тиешем жок. Болгону, буга чейин аймактык оорукананын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мурунку жетекчилеринин ишинде мага чейин эле кемчиликтер белгиленип, кызматтан алуу сунуштары берилген экен. Алар кызматтан алынды. Мен мыйзам чегинде гана алардын ордуна башка жетекчилерге сунуш бердим. Ал эми калган алмашылган жетекчилерге эч кандай тиешем жок. Кандай жетекчи келбесин мен ынтымакта, мыйзамдуулукту сактап иштеше берем», - деди район жетекчиси.

Ошентип Ак-Талаа районунда 12 жетекчи жаңы келип, 2018-жыл аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×