Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.12.2018 11:46

Балыкчыда майып баласы бар 15 жалгыз бой энеге акчалай жардам берилди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында 17-декабрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар 15 жалгыз бой энеге 3400 сомдон жардам берилди. Бул тууралуу Кызыл Ай коомунун катчысы Б.Асанова билдирди.

Анын айтымында, бул акция 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата башталган.

«Ушул тапта Ысык-Көл облусу менен бирге Баткен, Талас облустарында дагы ушундай жардамдар көрсөтүлүүдө. Буга чейин Жалал-Абад облусунда 168 үй-бүлөгө жардам берилген, ал эми Ысык-Көл, Баткен, Талас облустарында бардыгы 384 майып баласы бар жалгыз бой энеге жардам берилмекчи», - дейт ал.

Жардам алган Балыкчы шаарынын тургуну Г.Абылаева 6 баласы бар экенин, 1 баласы ооруп жүргөнүн, өкмөттөн 4 миң сом жөлөк пул аларын айтып, Кызыл Ай коомунун жардамына ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×