Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТоң району 30.11.2018 08:10 Жаңыланды: 30.11.2018 16:11 На русском

Айыл турмушу: Эркектер жыныстык мүчө чоңоёт деп вазелин сүйкөп, ириңдеп кеткенде келишет, - Ысык-Көлдөгү хирург (фото)

Turmush -  28 жаштагы Төлөк Жунусали уулу Ысык-Көл облусунун Тоң райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы жаш хирург менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Карагуз айылында туулган. Бирок Базар-Коргон районунун Баймундуз айылындагы №22 Тагай уулу Камал атындагы мектепти аяктаган. 2007-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде билим алып баштап, 2013-жылы бүтүрдү.

2013-2015-жылдары Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборунда клиникалык ординатураны окуп бүтүргөн. Ошол эле 2014-2015-жылдары Бишкекте тез жардам кызматында дарыгер болуп иштеген. 2015-жылдан тарта Тоң райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.

«Кичинемде тишим ооруп, ириңдеп кеткенде дарыгерлер айыктырышкан эле. Ошондо дарыгерлик кесипти жактырып, мен дагы медицина кызматкери болсом дечүмүн. Хирургия мага бейтаптын оорусуна конкреттүү диагноз коюусу менен жагат. Ооруну көзүң менен көрүп, колуң менен алып саласың.

Жумушта ар бир күнүбүз кызыктуу өтөт. Аймакта иштегендиктен бизге комиссия улам текшерип келе берет. Комиссия текшерип келгенде медайымдар корккон учурлар болот. Сыртынан караган кишиге күлкүлүү эле көрүнүшү мүмкүн. Ошондой эле бизге түшкөн бейтаптардын жакындары алгач агрессивдүү болуп келишет, бирок кетип жатканда достошуп, жакшы маанайда кетишет», - дейт ал.

Ошондой эле дарыгер иш тажрыйбасында болгон кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Бир жолу жаш келин кайрылды. Аялдардын жатынына салынуучу спираль анын курсак көңдөйүнө кирип кетиптир. Аны операция жолу менен алып салуу үчүн шаардагы дарыгерлер көп акча жумшаларын айтса, ал биздин ооруканага келиптир. Ага операция жасап, спиралды алдык. Ал кандайча курсак көңдөйүнө түшүп калганы белгисиз. Жатынды тешип өткөн, бирок кандайча өткөнүн билбейм, азыркыга чейин таң калам.

Мени таң калтырган дагы бир учур болгон. Ооган согушунун катышуучусу согуш учурунда колуна кирип кеткен айнектин калдыгын бир нече жыл өткөндөн кийин алдырды. Ал калдык ден соолукка таасирин тийгизбей, ириңдебей жүрө берген экен.

Мындан тышкары, жыныстык мүчөсүнө вазелин сүйкөп, ал ириңдеп кеткенде бизге кайрылган эркектер болгон. Айрымдар вазелин сүйкөсө жыныстык мүчө чоңоёт деп ойлошот экен.

Ошондой эле колунун манжаларын балта менен чаап алган жаш балдар түшөт. Мындай учурда манжаларын бириктирип, терисин тигип беребиз. Аймакта дарыгерлер жетишпегендиктен бир гана хирург эмес, кээде травматолог, лор болууга дагы аргасызбыз», - дейт Т.Жунусали уулу.

Жаш дарыгер алган айлык маянасы күнүмдүк жашоодон ашпай турганын жана азыркыга чейин ата-энеси каражат жагынан жардамдашып келерин айтат.

«Келечекке болгон максаттарым көп. Аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жаш кадрларды тартуу, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, дарыгерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу маселелер чечилсе дейт элем. Мен өзүмдүн устаттарым сыяктуу тажрыйбалуу, мыкты хирург болуп, келечекте жеке клиникамды ачууну максат кылам», - деди жаш хирург.

Т.Жунусали уулу үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×