Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
22.11.2018 09:26

«Айыл Банк» аймактарды каржылоонун көлөмүн 12 млрд сомго көбөйттү

Turmush -  «Айыл Банк» ачык акционердик коому Кыргызстандын аймактарындагы долбоорлорду каржылоонун көлөмүн 9 млрд сомдон 12 млрд сомго чейин көбөйттү. Өлкө башчынын басма сөз кызматы коомдун төрагасы Мурат Акимовго шилтеме берип билдиргендей, чет өлкөлүк насыя компаниялардын каражаттарын тартуу менен «Айыл Банк» 2018-жылдын март айынан тартып айыл чарбасы боюнча насыялардын пайызын 20 пайыздан 18 пайызга чейин азайткан.

«Айыл Банктын» миссиясы — региондорду өнүктүрүү, агрардык сектордун өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу калктын бакубатчылыгын арттыруу, деп белгиледи төрага. Анын айтымында, декапитализациялоонун жана активдерди мындан ары өстүрүүнүн эсебинен пайыздарды 2019-жылы 18 пайыздан 16 пайызга чейин азайтуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, банк негизинен региондорду каржылоого көңүл бурууда. Мындан бир эле жыл мурда региондор боюнча (Бишкек шаары жана Чүй облусуна башкасы) портфелибиз 9 миллиард сом болсо, азыр бул сумма 12 миллиард сомдон ашты. Башкача айтканда, 3,5 миллиард сомго көп. Биз региондорго көбүрөөк насыя алууга мүмкүнчүлүк түздүк. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл биз кошумча 7 миң үй чарбаларын каржыладык», - деди М.Акимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×