Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусу, Баткен 21.11.2018 16:16

Баткенде ишкерлердин жыйыны өтүп, бизнести өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты

Turmush -  Баткен облусунда ишкерликти колго алгандардан, сыртта жүргөндөрдүн саны жогору. Андыктан өз алдынча бизнес баштай албай же өркүндөтө албай жүргөн жарандарга багыт берип, мүкүнчүлүк жаратуу зарыл. Бул тууралуу республикадагы ишкерлердин Баткен облусундагы жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, облустун экономикасы миграциядан көз каранды.

«Баткен облусунда 530 миң жашоочу болсо, анын 50 миңге жакыны миграцияда жүрүшөт. Бул расмий көрсөткүч болсо, катталбай сыртка чыккандар арбын. Алардын 90% ишке жарамдуулар. Айрымдары жогорку билимдүү болгону менен кара жумуш аркылуу үй-бүлө багышат. Сырт жакта жан баккан жарандар үчүн ишкерликти өздөштүрүү негизги маселе. Анткени облустун экономикасы да миграцияга көз каранды болуп бара жатат», - деди жеке ишкер Жибек Шарапова.

Өз алдынча насыяларды алып, ишкердик кылгандар да бар. Бирок чыгашасын актай албай, акырында чыгашага учурагандар көп.

«Бизде мыйзамдардын көпчүлүгү ишкердүүлүккө каршы келет. Ага өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ал гана эмес жеке ишкерлер өз укугун, мүмкүнчүлүгүн, милдетин толук билүүсү шарт. Же ишкер мыйзамды окуп түшүнө албайт. Анткени өтө татаал жазылган», - деди ЖИА бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов.

Мындай маселелерди чечүү жана жеңилдетүү максатында республикадагы ишкерлер Баткен облусуна жыйналышты. Алар экспорттун шарттары, талаптары жана жеңилдиктер туурасында талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×